Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Ошто асфальт төшөө иштери текшерилип, компанияга кемчиликти жоюу үчүн 10 күндүк мөөнөт берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районуна караштуу Ата-Башат айылындагы жолго асфальт төшөө иштеринин сапатына байланыштуу жергиликтүү тургун тарабынан видеокайрылуу түшкөн. Анын негизинде адистер тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө төшөлгөн асфальт-бетондун сапатын аныктоо максатында андан үлгүлөр алынды. Жыйынтыгында “Толман” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн 10 күндүк мөөнөт берилди.
Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзүп, бүгүнкү күнгө карата 700 метрине асфальт төшөлгөн.