Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Чүй облусунун Төмөнкү Чүй айылынын айланасында аңчылык эрежелерин бузган эки жаранга айып салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жарандардын кыргоолдорду атып жатканы тууралуу кайрылуусунун негизинде рейд жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө аңчылык кылып жүргөн эки жаран текшерүүгө алынган.
Текшерүүдө алардын аңчылыкка уруксат кагаздары бар экени, бирок аңчылыкта жек-рассел породасындагы итти колдонууга уруксаты жоктугу аныкталган.
Бул факты боюнча эки протокол түзүлүп, жарандарга жалпы 25 миң сом айып пул салынган.