Беш жылда Кумтөрдөн 741 млн доллар үлүштүк киреше алынды

Экономика
Беш жылда Кумтөрдөн 741 млн доллар үлүштүк киреше алынды
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" мамлекеттик башкарууга өткөндөн берки беш жылда Кыргызстанга 741 млн доллар үлүштүк киреше төлөнгөн. Бул тууралуу ишкананын маалыматында айтылат.

"Бул мезгилде компаниянын жалпы кирешеси 6 млрд 128 млн долларды түзүп, салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр 1 млрд 454 млн долларга жеткен. Акыркы беш жылда алынган үлүштүк киреше мурдагы 25 жылдагы көрсөткүчтөн жети эсе көп", - деп айтылат маалыматта.

Салыштыруу үчүн, 1997-2021-жылдары, башкача айтканда, компания чет элдиктердин башкаруусунда турган мезгилде өлкө үлүштүк киреше катары 101 млн доллар алган.