“Кумтөр” ишканасынын былтыркы кирешеси $1,4 млрд түздү

Экономика Загрузка... 01 Апрель 2026 17:40
539409464_155843081_vuAAmd7.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. "Кумтөр" ишканасынын былтыркы кирешеси 1,434 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Кумтөрдө 12 миң 81 кг алтын казылып алынган. Компаниянын 2025-жылдагы кирешеси 1 млрд 434 млн АКШ долларын түзүп, ал эми таза пайдасы 706 млн АКШ долларынан ашты.

Бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 246,5 млн АКШ доллары которулду. Ошондой эле 2025-жыл үчүн дивиденд түрүндө 300 млн АКШ долларын төлөө чечими кабыл алынган.