"Кыргызалтындын" 5 жылдагы таза пайдасы 90 млрд сомдон ашты

Экономика
"Кыргызалтындын" 5 жылдагы таза пайдасы 90 млрд сомдон ашты
copyright icon WWW

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Акыркы беш жылда "Кыргызалтын" ишканасынын таза пайдасы 90 млрд сомдон, жалпы кирешеси 99 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу компаниянын беш жылдык ишмердүүлүгү боюнча маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, бул мезгилде мамлекеттик бюджетке 6,8 млрд сом салык төлөнүп, Социалдык фондго 662 млн сом которулган.

"Ал эми 2026-жылдын 9 айында компаниялар тобунун кирешеси 131 млрд сомдон, таза пайдасы 82,3 млрд сомдон ашты", - деп айтылат маалыматта.