Мамлекеттик мүлктү иштетип, пайда табуу пландалууда

Коом
Мамлекеттик мүлктү иштетип, пайда табуу пландалууда
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик активдерди негизинен административдик башкаруудан өндүрүштү өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга багытталган кыйла натыйжалуу моделге өтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу агенттиктин директору Бексултан Токонов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, учурда агенттик мамлекеттик объектилерди инвентаризациялоодон өткөрүп, алардын кайсылары натыйжалуу пайдаланылып жатканын, кайсылары киреше алып келбей турганын, ошондой эле кайсылары реконструкциялоого же калыбына келтирүүгө муктаж экенин аныктап жатат.

"Буга чейин биз негизинен мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоочу катары иш алып барчубуз. Бүгүнкү күндө башкаруу багытын да кошуп жатабыз. Биздин милдет – мүлктү жөн гана эсепке алуу, ижарага берүү же сатуу эмес, аны киреше жана өнүгүү булагына айландыруу", – деди Токонов.

Ошондой эле ал агенттик мамлекеттик объектилердин базасында ири долбоорлорду ишке ашырууга инвесторлорду тартуу боюнча иш алып барып жатканын маалымдады.

Атап айтканда, Токмок шаарында Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен биргеликте электр энергиясын топтоо системасын түзүү долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашыруу каралган.

Токоновдун айтымында, бул система электр энергиясы ашыкча болгон учурда аны топтоп, керектөө зарылдыгы жаралганда электр тармагына бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, жеке мектептерди жана бала бакчаларды курууга кызыкдар инвесторлор үчүн шарттарды түзүү дагы бир багыт болуп саналат.

"Президент жеке мектептерди жана бала бакчаларды курууну каалаган инвесторлор үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү тапшырмасын койду. Биз инвесторлорго өзүбүз демилге көтөрүп, алардын долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүшүбүз керек", – деп белгиледи агенттиктин жетекчиси.