Москва районундагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү фактысы текшерилет

Аймак

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү жерлерди жана имараттарды менчиктештирүү мыйзамдуулугун текшерип, мыйзам бузуу аныкталса, мүлктү муниципалдык менчикке кайтарууну тапшырды. Бул тууралуу президент Москва районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда Ак-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну 3,5 миң гектар жер жана бир катар имараттар мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин айтып, прокуратурадан текшерүү жүргүзүүнү өтүндү.

Анын айтымында, мурдагы колхоздун мүлкү тогуз токтомдун негизинде жеке менчикке чыгарылган. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн имараты 250 миң сомго сатып алынып, кийин 8,5 млн сомго кайра айыл өкмөткө сатылып жатканын билдирди.

Президент Башкы прокуратурага бул маселени дароо көзөмөлгө алып, текшерүүнү тапшырды.

"Эгерде тургун айтып жаткандай чын болсо, мүлктү кайра ордуна келтирип, айыл өкмөткө кайтарыш керек. Эч кандай жеңилдик болбошу керек", - деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, тургун Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Мураке айылында 34 млн сомдук таза суу долбоору 12 жылдан бери бүтпөй жатканын, эл сууну суткасына эки саат гана алып жатканын айтты.

Жооптуу кызматкер долбоорду улантууга кошумча 104 млн сом каралып жатканын маалымдады. Президент таза суу маселесин да көзөмөлүнө алды.