Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. 2021-2026-жылдар аралыгында мамлекетке 1773 мүлк кайтарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, булардын ичинен 155и конфискацияланган, ал эми өз эрки менен 1618 мүлк өткөрүлүп берилген.
Бексултан Токонов белгилегендей, бүгүнкү күндө мүлктөрдү инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат.
“Тергөө органдары тарабынан кылмыш иштин алкагында мүлктөр бааланат. Мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп берип жатканда баасы көрсөтүлбөйт. Аны биз өзүбүз баалатабыз. Алардын баасын көз карандысыз жеке компаниялар баалайт. Бүгүнкү күндө толугу менен мүлктөргө инвентаризация жүргүзүлүүдө. Бул көлөмдүү иш болгондуктан, убакыт талап кылынууда”, - деди ал.