Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри К. Жумалиевге таандык болгон имарат капиталдык оңдоодон кийин "Креатив-Таалим" билим берүү комплексине айланган. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында объект менен таанышуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда анда 400гө жакын бала билим алып, 36 класс жана 60 орундуу бала бакча иштеп жатат. Жалпы аянты 77 сотыхты түзгөн имарат жана жер тилкеси ыктыярдуу макулдашуу менен мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн. Мамлекеттин карамагына өткөн учурда имараттын абалы начар болгон. Терезелери, эшиктери, жылытуу батареялары, полдору, ички дубалдары жана сантехникасы бузулуп, электр зымдары жана башка зарыл коммуникациялар жок болгон.
2024-жылдын май айында имарат билим берүү борборунун жетекчилигине ижарага берилген. Инвесторлор капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп, мектептин иштөөсүнө ылайыкташтырып жабдышкан. Учурда мамлекеттик объектти пайдалангандыгы үчүн ай сайын 1,4 млн сом ижара акысы төлөнөт.
Токонов белгилегендей, мамлекет инвесторлорго узак мөөнөттүү ижарага алуу жана аны узартуу мүмкүнчүлүгү боюнча кепилдиктерди берет. Мындай ыкма жеке демилгелерди колдоого, жеке мектептерди жана бала бакчаларды ачууга шарт түзүүгө багытталган.
"Эгер мурда инвесторлор аткаминерлердин артынан чуркаса, азыр аткаминерлер инвесторлорго шарт түзүп, колдоо көрсөтүп жатышат", — деди ал.
Ошондой эле ал "Креатив-Таалим" комплексинде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөрүн белгиледи. Анын пикиринде, сапаттуу билим берүү менен катар эне тилди, руханий баалуулуктарды сактоого жана балдарды улуттук каада-салттар менен тарбиялоого көңүл буруу маанилүү.
Токоновдун маалыматына караганда, учурда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда билим берүү мекемелерин жайгаштыруу үчүн мамлекеттик менчиктеги алты объект ижарага берилген.
Мындан тышкары, мамлекеттик мүлк өндүрүш ишканаларын, логистикалык борборлорду жайгаштыруу жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн да берилүүдө. Алсак, Токмок шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында "Росатомдун" өкүлдөрүнүн катышуусунда электр энергиясын топтоо системасын куруу долбоору ишке ашырылууда.