"Манас" аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулду

Коом
"Манас" аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулду
"Манас" аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулду
"Манас" аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулду
Алдыга
Артка
"Манас" аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулду
"Манас" аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулду
"Манас" аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулду
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында 650 унаага ылайыкталган беш кабаттуу унаа токтотуучу жай курулду. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунда “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, жаңы унаа токтотуучу жай жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыз кылуу максатында курулган. Анда лифттер жана санитардык жайлар каралган. Унаа токтотуучу жай акы төлөнүүчү негизде иштейт. Учурда кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелип жатат.

“Болжол менен бир жарым айдын ичинде унаа токтотуучу жайдын системасын орнотуу иштери башталат. Учурда аймакта асфальт төшөө жана коммуникацияларды жүргүзүү иштери жүрүп жатат”, — деди ал.

Мындан тышкары, Самидинов “Манас” аэропортундагы курулуш жана жаңылоо иштерине жалпысынан болжол менен 130 млн доллар жумшалганын белгиледи. Бул суммага учуп-конуу тилкесин жаңылоо, унаа токтотуучу жайларды куруу, аэровокзал комплексин 20 миң чарчы метрге кеңейтүү, 40 миң чарчы метр аянттагы капиталдык оңдоо жана расмий делегациялар үчүн экинчи терминалды куруу кирет.

Ошондой эле ал белгилегендей, аэропортто аба ырайынын өзгөрүшүнө жана кышкы мезгилге байланыштуу бардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

”Жай мезгилинде аптаптуу ысыктан улам жабдууларга күч келсе, кышында жаан-чачын, кар жана туман сыяктуу татаал аба ырайы шарттарына байланыштуу кызматтар өзгөчө даярдыкта болот”,-деди ал.