2021-жылдан бери 1927 кыймылсыз мүлк мамлекеттик менчикке өттү

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. 2021-жылдан 2026-жылга чейин мамлекеттик менчикке 1 миң 927 кыймылсыз мүлк объектиси жана мүлк комплекси өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов журналисттерге билдирди.

Агенттиктин жетекчиси "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында мекеменин ишмердүүлүгү, негизги багыттары жана мамлекеттик мүлктү башкаруу тартиби тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, агенттиктин негизги милдеттеринин бири – мамлекеттик мүлктү башкаруу. Анын ичинде объектилерди мамлекеттик органдарга, ишканаларга, министрликтерге жана агенттиктерге мөөнөтсүз пайдаланууга же ыкчам башкарууга өткөрүп берүү каралган.

Токонов мамлекеттик мүлктү натыйжасыз пайдаланган учурда тиешелүү органдын жетекчиси жеке жоопкерчилик тартарын белгиледи. Агенттик мындай объектилерге мониторинг жүргүзүп, инвентаризациялап, зарыл болгон учурда мамлекеттин карамагына кайтарып, мүмкүнчүлүккө жараша аукционго чыгарат.

Ошондой эле агенттикке жарандардан мамлекеттик мүлктү ижарага алуу, мүлктү сатуу жана эски унааларды баланстан чыгаруу маселелери боюнча кайрылуулар түшүп турат.

"Ачык кабинет" долбоорунун алкагындагы жолугушуу Кыргыз футбол биримдигине баруудан башталган. Ал жерде футзал боюнча машыгуу өтүп, ага Бексултан Токонов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Кыргызстандын Футзал ассоциациясынын президенти Нурдин Букуев жана башкалар катышкан.

Андан соң Бексултан Токонов "Биринчи радиого" эфирге чыгып, мекеменин кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөргөн. Ошондой эле журналисттерге иш бөлмөсүн көрсөтүп, жумуш процессин уюштуруу тартиби менен тааныштырган.

Агенттиктин жетекчиси жумуш күнүн саат 06:00дө баштарын, кийинки аптанын иш планы учурдагы аптанын аягында бекитилерин айтты. Бирок пландан тышкаркы тапшырмаларга жана кызматтык сапарларга байланыштуу график өзгөрүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, ал президент Садыр Жапаров да ойногон "Мурас" футболдук командасынын курамында экенин айтып, машыгууларда бардык оюнчулар тең шартта ойнорун белгиледи.

"Президент өзү: "Эркин ойногула, колуңардан келген оюнду көрсөткүлө", – дейт. Биз команда болуп ойнойбуз, бири-бирибизге пас беребиз, кээде чуркоого да туура келет", – деди Токонов.