Токонов: 2024-жылдан бери 27 млрд сомго мамлекеттик мүлктөр сатылды

Коом 1 октябрь 2026 12:50
Токонов: 2024-жылдан бери 27 млрд сомго мамлекеттик мүлктөр сатылды
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. 2024-2026-жылдар аралыгында жалпысынан 27 млрд 92 млн 637 миң сомго бааланган мамлекеттик мүлк жана мүлктүк комплекстер сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда 438 мүлк жана мүлктүк комплекс бар.

“Булар конфискацияланган жана өз эрки менен өткөрүлүп берилген мүлктөр жана мүлктүк комплекстер болуп саналат”, - деди ал.