Бишкек, 16.10.26 /Кабар/. Кыргызстанда "Социалдык контракт" программасынын алкагында ишкердикти баштаган 31 адамдын жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашкан ишкерлердин 10у кызмат көрсөтүү, 9у өндүрүш, 8и соода-сатык жана 4өө айыл чарба тармагында иш алып барат.
"Катышуучулардын бизнес-долбоорлорунун басымдуу бөлүгү айыл чарбасына туура келет — 73,3%. Өндүрүш тармагынын үлүшү 13,8%, соода-сатыктыкы 6,7%, кызмат көрсөтүү тармагыныкы 6,2% түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Социалдык контракт" программасы жарандардын ишкердик демилгелерин колдоого, киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалын жакшыртууга багытталган.
2022-жылдан 2026-жылдын 1-октябрына чейин программанын алкагында аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен жалпы 59 миң 354 социалдык контракт түзүлгөн.