Дээрлик 2 кг алтын-күмүш: "Манас" аэропортунда ири аткезчиликке бөгөт коюлду

Экономика
3.png
2.png
Алдыга
Артка
3.png
2.png
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунда тиешелүү документтери жок зер буюмдарды Кыргызстанга алып кирүү аракети токтотулду.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, текшерүүдө жалпы баасы 9,6 млн сомдон ашкан 376 зер буюм аныкталган. Анын 147си — жалпы салмагы 396 граммды түзгөн алтын, ал эми 229у — салмагы 1 килограмм 979 грамм болгон күмүш буюмдар болгон.

Бул факты боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынып, тиешелүү укуктук жана салыктык жол-жоболор жүргүзүлдү.