Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланды.
Мэриядан билдиришкендей, фонтандын инженердик тутумдары модернизацияланды. Ошол эле учурда объекттин тарыхый көрүнүшүн сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
Ал эми Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтан курулду. Алардын бири имараттын алдында, экинчиси гүлзардын аймагында жайгашкан.
Белгилей кетсек, жаңы фонтандарды куруу иштери июль айында башталып, үч айдын ичинде толук бүтүрүлдү.