Бишкек, 19.11.26 /Кабар/. Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 55 чакырымын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда 8 чакырым тилкеге асфальттын биринчи катмары төшөлдү.
"Долбоордо жолду 16 метрге чейин кеңейтүү жана эки катмар асфальт төшөө каралган. Асфальттын жалпы калыңдыгы 15 сантиметрди түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштерине 140ка жакын жумушчу жана атайын техникалар тартылган. Асфальт өндүрүү үчүн бир асфальт-бетон заводу иштеп жатат.
Жолду реконструкциялоо иштеринин жүрүшү жана сапаты министрликтин көзөмөлүндө.