Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. “Жети-Өгүз” санаторийин реконструкциялоо иштери эмки жылы толук аяктайт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда санаторийде жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Төрт кабаттуу жаңы башкы корпус, эки кабаттуу дарылоо корпусу жана жабык термалдык бассейндер курулуп, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Ал эми жатакананын имаратынын реконструкциясы толугу менен аяктады.
Мындан тышкары, санаторийдин аймагында саркынды сууларды тазалоочу курулма жаңыланып, 350 куб метрлик таза суу резервуары курулду. Ички жолдорго жана унаа токтотуучу жайларга асфальт төшөлдү.
Эс алуучулар үчүн 400 орундуу ачык амфитеатр, боз үй формасындагы конференц-зал, спорттук жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле 5 капсулалык, 10 мобилдик жана мончосу бар 2 модулдук үй орнотулуп, кошумча 5 барнхаустун курулушу уланууда.
Аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө.
"Курулуштун жүрүшү менен таанышкан президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, реконструкцияны белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди",-деп айтылат маалыматта.