Айсалкын Салиева: 21 жылдык эмгегимдин бааланганына абдан кубанып жатам

Пикир 14 сентябрь 2026 16:30
Айсалкын Салиева: 21 жылдык эмгегимдин бааланганына абдан кубанып жатам
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Салиева мамлекеттик сыйлыкка биринчи жолу татыганын айтып, бул сыйлык анын эмгегине берилген баа экенин белгиледи.

“Жалпы мамлекеттик кызматтагы стажым 21 жыл. Эмгегибиз бааланып, мамлекеттик сыйлык — “Ардак” медалы менен сыйланып жатабыз. Албетте, толкунданып жатам. Президентибизге ыраазычылыгымды билдирем. Мамлекеттик кызматта иштөө — өтө түйшүктүү, оор жана жоопкерчиликти талап кылат. Ошол эмгектин бааланып жаткан мени абдан кубандырып жатат”, — деди ал.

Айсалкын Салиева мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун айыл өкмөтүнөн баштаган. Ал 17 жыл жооптуу катчы болуп иштеп, 2022-жылдан 2026-жылдын 1-апрелине чейин Аксы райондук мамлекеттик администрациясында акимдин орун басары кызматын аркалаган.