Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысынын орун басары Жыргалбек Тууганбаев мамлекеттик “Ардак” медалына татыганына кубанып, бул жетишкендикте кесиптештеринин жана жалпы коомчулуктун колдоосу чоң экенин белгиледи.
“Сыйлык алганыма, албетте, толкунданып, сүйүнүп жатам. Мамлекетке, элибизге, журтубузга чоң ыраазычылык билдирем. Өлкө жетекчилигинин, элдин колдоосу менен ушундай сыйлыкка татыктуу болуп жатам деп ойлойм”, — деди ал.
Жыргалбек Тууганбаев ошондой эле бул тармакта 33 жылдан бери кызмат өтөп келе жатканын, акыркы жылдары күч түзүмдөрүнө, анын ичинде жазаларды аткаруу системасына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
“Жоокерлерибиздин жашоо шарттарын заманбап талаптарга ылайык жакшыртуу боюнча көп иштер аткарылып жатат. Тамак-ашы, күнүмдүк жашоо шарттары жаңыланып, жаңы заманбап казармалар жана имараттар курулуп, мекемелерибиз жаңыланып жатат”, — деди ал.