Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Жазуучу Ишен Айтмамбетов “Бет-Алман” тарыхый романы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыды. Сыйлык ага бүгүн “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде тапшырылды.
Айтмамбетов бул наамды тарыхый-документалдык романы үчүн алганын айтып, кубанычын билдирди.
“Кубанычымды жашыра албай, сыймыктанып турам. Бул сыйлыкты тарыхый-документалдуу романым үчүн алдым. Анда өткөн кылымдагы советтик офицердин өмүрү, басып өткөн жолу баяндалат. Ал фашисттик Германияда төрт жыл туткунда болуп, кийин Советтер союзунун ГУЛАГ системасында дагы 12 жыл камакта отуруп, мекенине кайтып келген”, — деди жазуучу.