Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Актёр Болот Тентимышов мамлекеттик сыйлык – “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамына татыганын чыгармачылыктагы жаңы милдет катары кабыл алып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал сыйлык тапшыруу аземинде билдирди.
“Бул сыйлыкты кыргыз маданиятынын алдында турган жаңы милдет катары кабыл алам. Эми Кудай буюрса, мындан ары да элибизге кызмат кылып, жакшы руханий дүйнөнү, белектерди тартуулайлы деп турабыз”, — деди ал.
Актер ошондой эле, сыйлык тууралуу кабарды алгач өзү иштеген мекемеден телефон чалуу аркылуу укканын, сүйүнүчүн өмүрлүк жары менен бөлүшкөнүн белгиледи.