Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капурду кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, санкция маселелери боюнча өз ара аракеттенүү, ошондой эле визалык жол-жоболорго жана визалык кепилдик төлөмдөрүн киргизүүгө байланыштуу айрым маселелерди талкуулашты.
Көп тараптуу кызматташтык жана эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Америкалык тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Тараптар ошондой эле алдыдагы байланыштарды жана эки тараптуу иш-чаралардын графигин талкуулап, үзгүлтүксүз саясий диалогду сактоого жана кыргыз-америка мамилелерин ырааттуу бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.