Бишкек, 29.08.26 /Кабар/. Бүгүн, 29-августта Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде "Кытай цивилизациясынын башаттарын изилдөө – Лянчжу маданиятынын санариптик көргөзмөсү" ачылды.
Көргөзмөнү Кытайдын Чжэцзян провинциясынын музейи менен Кыргызстандын Улуттук тарых музейи биргелешип уюштурду.
Салтанаттуу аземге Чжэцзян провинциясынын музейинин директорунун орун басары Лю Цзяньань жана көргөзмө бөлүмүнүн директору Юй Цзиньхуэй баштаган кытайлык делегация катышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Кытайдын Чжэцзян провинциясынын музейи эл аралык кызматташтык жаатында эки тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга расмий түрдө кол коюшту.
Меморандумга кол коюу эки музейдин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана биргелешкен көргөзмөлөрдү, ошондой эле маданий долбоорлорду ишке ашырууга бекем негиз түзөт.
Бул музейлерди өнүктүрүү жана маданий мурастарды коргоо жаатындагы практикалык кызматташтыкты өркүндөтүүгө, ошондой эле көргөзмөлөрдү уюштуруу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, артефакттарды реставрациялоо жана инновациялык технологияларды колдонуу боюнча кызматташтык келишимдерин түзүүгө өбөлгө болот.
Көргөзмө ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий мурастарды санариптештирүү жаатындагы натыйжалуу кызматташтык жолдорун изилдөөгө багытталган.