Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 9 сентябрь 2026 12:40
Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү
copyright icon ТИМ

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча пикир алмашты, ошондой эле алдыда боло турган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чаралардын графигин карап чыгышты.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кулубаев Тлеубердини Казакстандын тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады",-деп айтылат маалыматта.