Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн ири маданий жана спорттук иш-чаралар Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы деңгээлине чыгарды. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Динара Акулова ”Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, жаңы инфраструктуралык объектилердин ачылышы жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшү өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатууда.
”Биз “Бишкек Арена” комплексинин ачылышына катышып, чоң таасир алдык. Айрыкча өлкөлөрдүн парады учурунда ар бир мамлекет жарыяланганда чын жүрөктөн сыймыктандык. Кыргызстан заманбап спорттук комплекске ээ болуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары элди жалпы мекенге болгон сыймыктын айланасына бириктирди”, — деди ал.
Ошондой эле ырчы Кырчын жайлоосундагы этномаданий программа кыргыз элинин тарыхын, салт-санаасын жана руханий баалуулуктарын кеңири таанытууга чоң мүмкүнчүлүк бергенин белгиледи.
Динара Акулованын айтымында, Чолпон-Атадагы оюндардын жабылыш аземине болгон чоң кызыгуу да өлкөдөгү мындай масштабдагы иш-чараларга болгон коомдук суроо-талапты көрсөттү.
”Өзүмдүн чыгармачылык жолумда биринчи жолу трибуналардын мынчалык толгонун көрдүм. Билеттер толугу менен сатылып, көптөгөн адамдар иш-чарага кирүүгө аракет кылышты. Бул — өлкөнүн жаңы деңгээлге чыкканын көрсөткөн чоң жетишкендик”, — деди ал.
Ал бүгүн Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрө алган өлкө катары таанылып жатканын белгилеп, мамлекеттин мындан аркы өнүгүшүнө жана элдин ынтымагына ишеним билдирди.