Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова эки уулу менен Кырчын жайлоосуна барып, анда өтүп жаткан иш-чаралар менен таанышууда.
Кабарчыбыз жеринен билдиргендей, алгач биринчи айым этнобазарга барып, улуттук тамак-аштардан даам татып, андан соң Кырчын жайлоосундагы башка маданий жана этнографиялык объектилерди кыдырды.
Айгүл Жапарованы маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев коштоп, Кырчында уюштурулган иш-чаралар жана атайын даярдалган этномаданий жайлар тууралуу маалымат берүүдө.
Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү, маданиятты жана көчмөндөрдүн жашоо-турмушун даңазалаган бир катар иш-чаралар уюштурулган.