Кыргызстан менен Кипр кызматташтыкты бекемдейт: ТИМ башчылары сүйлөштү

Саясат 8 сентябрь 2026 14:25
Кыргызстан менен Кипр кызматташтыкты бекемдейт: ТИМ башчылары сүйлөштү
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 08.09.26 /Кабар/. Күн мурун кипр тараптын демилгеси менен тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбостун ортосунда телефондук сүйлөшүү болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө бакубатчылык каалады.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин ырасташты.

Мындан тышкары, кыргыз-кипр кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында жолугушууну макулдашышты.