Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун штаб-квартирасында өткөн деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 25 жылдык кеңешмесине катышты.
Ведомстводон билдиришкендей, министр өз сөзүндө Кыргызстандын министрлердин жолугушуусу менен жыйынтыкталып жаткан топко төрагалыгынын негизги жыйынтыктарын белгилеп, бардык делегацияларга Кыргызстандын төрагалыгы учурундагы активдүү катышкандыктары жана конструктивдүү кызматташтыктары үчүн ыраазычылык билдирди.
Экономикалык трансформация жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн туруктуулугун чыңдоо үчүн маанилүү алкакты камсыз кылган 2024-2034-жылдарга карата Аваза иш-аракеттери программасынын маанисин баса белгилеп, аны ишке ашыруудагы, анын ичинде Жол картасын жана Мониторинг алкактык негиздерин иштеп чыгуудагы ийгиликтерди кубаттады.
Жыйынтыгында тышкы иштер министри Кыргызстан 2024-2034-жылдарга карата Аваза иш-аракет программасын ишке ашырууну улантып, биримдикти бекемдеп, тең укуктуу кызматташуу принциптерин алга жылдырууга көмөк көрсөтө берерин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер декларациясы кабыл алынды.