Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин тышкы иштер министри Шейх Жаррах Жабер аль-Ахмад аль-Сабах менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибин талкуулашты.
Атап айтканда, тараптар эки тараптуу саясий диалогду, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланыштарды жана келишимдик-укуктук базаны мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.
Кыргыз Республикасынын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары алдыдагы ишине жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Маектештер өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кыргыз-кувейт өнөктөштүгүн чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.