Кыргызстан жана Греция ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 24 сентябрь 2026 11:45
6dfeaa5f-e6c3-33af-884e-73ac492e2b56.jpg
ceaaf9f3-e3bb-3f86-abb1-a9aefe192310.jpg
85903406-fc45-3bb1-9015-bde018b87ff9.jpg
Алдыга
Артка
6dfeaa5f-e6c3-33af-884e-73ac492e2b56.jpg
ceaaf9f3-e3bb-3f86-abb1-a9aefe192310.jpg
85903406-fc45-3bb1-9015-bde018b87ff9.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грециянын тышкы иштер министри Георгиос Герапетритис менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү талкууланды. 

Кыргыз тарап Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы саясий диалогду, анын ичинде эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультацияларды өткөрүү аркылуу улантууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Маектештер келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө жана аба каттамдары, инвестицияларды коргоо, дене тарбия жана спорт чөйрөлөрүндө макулдашуулардын долбоорлорун, ошондой эле санкциялык маселелер боюнча кызматташуу жана биргелешкен иш алып барууну кароону тездетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.