Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) маалымат каражаттарынын жана аналитикалык борборлорунун жетекчилеринин форуму масштабы жана катышуучуларынын курамы боюнча өлкө тарыхында биринчи жолу жогорку деңгээлде өттү. Иш-чараны Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурду. Дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн келген 250дөн ашык медиа менеджер, башкы редактор, эксперт жана аналитиктердин башын бириктирген жыйын ШКУдагы маалыматтык жана стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү кадам деп сыпатталууда.
ШКУнун медиа жана аналитиктеринин “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” аталышындагы Бишкек форуму Кыргызстандын эле эмес уюмдун 25 жылдык тарыхында алгачкы ирет өтүп жатат. Уюмдун өлкөлөрүнүн, байкоочу мамлекеттердин жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн ири маалымат агенттиктеринин, маалымат каражаттарынын, аналитикалык борборлорунун жана изилдөө институттарынын жетекчилери алгачкы ирет Бишкекте чогулушту.
Тынч океан аймагынан Шри-Ланка, Непал, Лаос, Камбоджа өлкөлөрүнүн, Перс булуңунан Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Ирандын өкүлдөрү келишти. Мындан сырткары Кавказдан Азербайжан, Армениянын делегаттары катышты. Кытай, Россия, Индия жана Борбор Азия мамлекеттери менен Мальдив аралдарынын өкүлдөрү да чакырыктан баш тартышкан жок.
Мындай кеңири масштаб ШКУ саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыктын платформасы эле эмес, чоң маалыматтык мейкиндик экенин да көрсөттү. ШКУнун ичинде бир нече миллиарддык аудиториясы бар миңдеген маалымат каражаттары жана жүздөгөн аналитикалык борборлор ишмердигин жүргүзүп келет. Бул кубаттуу жана дымактуу потенциалды учурдагы чалкеш заманда ШКУдагы бекемдикти камсыздоо, кызматташтыкты тереңдетүү, мамлекеттер арасындагы өз ара ишенимди күчөтүү үчүн максаттуу колдонуу зарылдыгы турат. Анын үстүнө учурдун медиасынын коомдун күзгүсү эле эмес, мамлекеттер арасындагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдеген эл аралык дипломатиянын куралы, ишмердиктин толук кандуу катышуучулары катары кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстандык жана эл аралык медиаларда жыйырма жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келе жаткан журналист жана эксперт Азамат Тынай тегин тармактагы мындай ири иш-чараны биринчи жолу көрүп жатканын жашырган жок.
“Чынын айтсам, буга чейин эң чоң кыялдарыбызда да Кыргызстанга 26 өлкөдөн 250 делегат келет деп элестете алчу эмеспиз. Бул Кыргызстан быйыл ШКУга төрагалык кылып жатканы менен эле эмес, дүйнөлүк коомчулуктун өлкөбүзгө болгон кызыгуусунун өсүшү жана акыркы жылдардагы дипломатиялык жетишкендиктерине байланыштуу. Анын ичинен Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болушу да маанилүү роль ойнойт”, - деди Азамат Тынай тегин.
Эксперт белгилегендей Кыргызстан учурда ШКУнун 25 жылдык мааракелик саммитине төрагалык миссиясын аткарып жатат. Дал ушул Бишкек саммитинде уюмдун чейрек кылымдык ишмердиги жыйынтыкталып, алдыдагы багыттар белгиленет. Президент Садыр Жапаров ШКУ эми практикалык иштерге өтүүсү зарылдыгын төрагалыктын башынан эле айтып келет.
"Бишкек саммитинен кийин биздин уюмду алдыдагы жылдары өнүктүрүү боюнча так ориентирлер болушу маанилүү. Акыркы 25 жылдын ичинде уюм олуттуу тажрыйба топтоду", - деген Садыр Жапаров.
Чындыгында ШКУ 25 жыл ичинде аймактык бешилтиктен трансрегионалдык ири платформага айланып, дүйнө жеринин жана элинин дээрлик жарымын камтыды. Учурда саясаты, экономикасы, тарыхы, маданияты жана өнүгүү жолу таптакыр башка мамлекеттердин ийгиликтүү диалогунун үлгүсүн көрсөтүүдө.
Бул арада дүйнө да токтоп турган жок. Эл аралык саясат, коопсуздук, экономика, идеология олуттуу чакырыктар жана тобокелдиктер менен коштолууда. Өзгөчө дүйнөлүк мамилелерди өтө тездик менен өзгөртүп жаткан санарип чөйрө, жасалма интеллектке негизделген жаңы технологиялар ойго келбеген мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен бирге дүйнө коомчулугун бушайманга салып койду.
Өзгөчө медиа тармагы санариптик технологиялардын жана жасалма интеллекттин таасири астында чоң өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Күн тартибине жалган, жасалма маалымат, манипуляция, киберкоопсуздук көйгөйлөрү чыкты. Натыйжада ШКУдай кеңири аудиторияны так маалымат менен камсыз кылуу жана интеграцияны колдоо үчүн маалымат каражаттары өз ара кызматташтыкка, алдыңкы жаратман технологияларга муктаж.
Бишкек медиа форуму дал ушул маселелерди көтөрүп чыкты. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Медербек Шерметалиев бул жыйын жөн эле пикир алышуу эмес, ШКУ өлкөлөрүнүн жалпы келечегин биргелешип калыптандыруу мүмкүнчүлүгүн ачуу экенин белгиледи.
“Санариптик технологиялардын өнүгүшү маалымат алмашууну жеңилдеткени менен, жалган маалымат, маалыматтык манипуляция, киберкоопсуздук жана коомдук пикирге тышкы таасир этүү сыяктуу жаңы чакырыктарды да күчөттү. Мындай шартта жоопкерчиликтүү журналистика, кесипкөй аналитика жана фактыларга негизделген маалыматтык саясат мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн маанилүү факторуна айланып калды”, - деди Медербек Шерметалиев.
Форумда демилгеленген жаңы механизмдер
Форумдун катышуучулары санарип доордо ШКУ мамлекеттери ортосундагы тыгыз координация жана тажрыйба алмашуу маанилүү экенин бир ооздон билдиришти. Негизги темаларды эгемен маалымат мейкиндигин куруу, ШКУнун бирдиктүү медиа хабын түзүү, глобалдык дезинформацияга биргелешип каршы туруу жана ар кыл жасалма интеллект платформаларын заманбап медиага интеграциялоо түздү.
Алсак, “Российская газетанын” редакция жетекчиси Павел Негоица жасалма интеллект маалында жаңылыктардын, талдоолордун жана технологиялык тажрыйбанын коопсуз жана натыйжалуу алмашуусун камсыз кылуу үчүн ШКУнун Бирдиктүү медиа хабын түзүү зарылдыгын белгиледи.
Казакстандын Qazcontent басылмасынын башчысы Адил Сейфуллин жалган маалыматтардын, дипфейктердин, манипуляциялык контенттин жайылышын жана кесипкөй ЖМКларга болгон ишенимдин төмөндөшүн эске алуу менен ШКУнун Бирдиктүү санариптик медиа платформасын түзүүнү сунуштады. Ал ошондой эле тышкы фактыларды текшерүү жана жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү пайдалануу боюнча ШКУнун биргелешкен медиа борборун иштетүү демилгесин көтөрдү.
Ал эми Белоруссия телеграф агенттигинин жетекчиси Андрей Мохор ШКУнун интеллектуалдык медиаинтеграция концепциясы жөнүндө кеп козгоду.
"Интеллектуалдык медиа-интеграция — бул бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүнүн стратегиялык инструменти. Ал аналитиканы, санариптик платформаларды жана жасалма интеллектти бириктирип, ШКУнун туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүгө жардам берет", - деди Анрей Мохор.
Ар тараптуу илимий-эксперттик талдоолорго негизделгенде маалыматтын мааниси
ШКУда аналитиктердин жана эксперттик борборлордун мааниси жогору экени маалым. Эми аналитиктердин адаттагы салттуу ролуна өзгөчөлүктөр киргизиле турганын Бишкектеги форум көрсөттү. Талдоочулар татаал геосаясий тыянактарды коомчулук үчүн түшүнүктүү тилге которуу үчүн маалымат каражаттары менен биргеликте иштөөсү керек болууда. Алар маалыматтын аныктыгына көз салып, так маалыматтар жана илимий далилдер аркылуу жасалма маалыматтарга жана манипуляциялоого каршы күрөшүүгө жардам берүүсү зарыл.
“ЖМКлар жана аналитикалык борборлор биргелешкен журналисттик иликтөөлөрдү, изилдөөлөрдү жана эксперттик материалдарды даярдоо боюнча туруктуу иш алып баруусу зарыл”,- деди Кытайдын Синьхуа маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Си Яньчунь.
Аналитикалык потенциал менен медианын мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштыруу пикирлерди бир калыпка салууга эмес, өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жана ШКУ өлкөлөрүнүн коомдорунун ортосундагы ишенимди бекемдөөгө кызмат кылат. Бул туурасында саясат талдоочу Асел Өмүракунова “Кабар” агенттигине билдирди.
"ЖМК + аналитикалык борборлор" форматын негиздүү жана өз убагындагы демилге катары баалаймын. Анткени бул институттар ар башка, бирок бири-бирин толуктаган милдеттерди аткарат. Аналитикалык борборлор узак мөөнөттүү саясий, экономикалык жана гуманитардык процесстерди изилдеп, эксперттик баалоолорду жана өнүгүү сценарийлерин сунуштаса, жалпыга маалымдоо каражаттары татаал тыянактарды коомчулукка түшүнүктүү тилде жеткирип, маалыматтын кеңири жайылышын камсыздайт. Алардын түз диалогу эл аралык күн тартибин мазмундуу кылууга, эксперттик изилдөөлөр менен коомдук кабылдоонун ортосундагы ажырымды кыскартууга, ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен долбоорлорун чагылдыруунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда мындай өз ара аракеттенүү эки тарап тең кесиптик өз алдынчалыгын сактаган учурда гана реалдуу пайда алып келет. Жалпыга маалымдоо каражаттары расмий позицияларды гана жайылтуучу каналга айланбашы керек, ал эми аналитикалык борборлор изилдөө ишин алдын ала белгиленген тыянактарды даярдоо менен алмаштырбашы зарыл. Форумдун эң баалуу жыйынтыгы маалымат алмашуунун, биргелешкен изилдөөлөрдүн, фактчекингдин жана кесиптик диалогдун туруктуу механизмдерин түзүү болушу мүмкүн. Мындай учурда аналитикалык потенциал менен медианын мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштыруу пикирлерди бир калыпка салууга эмес, өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жана ШКУ өлкөлөрүнүн коомдорунун ортосундагы ишенимди бекемдөөгө кызмат кылат”, - деди Асел Өмүракунова.