Аймактык саясаттын жемиши: Талас облусу кандай өзгөрдү?

Аналитика 11 сентябрь 2026 09:25
Аймактык саясаттын жемиши: Талас облусу кандай өзгөрдү?
copyright icon Кабар

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын акыркы беш жылдагы аймактарды өнүктүрүү саясаты регион эли жана ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Ондогон жылдар өкмөттүн бюджетинде отурган аймактар бүгүн ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырып, стратегиялык пландарды коюшууда. Бир эле Талас облусунда Кыргызстан эле эмес Борбор Азияда теңдеши жок индустриалдык парк ачылып, өлкөбүздүн эгемендигинин 35 жылдык мааракесин утурлай бир топ ири обьект ишке берилип жатат. Аны менен кошо салт болуп калгандай Кыргызстан боюнча 105 социалдык обьект жана 60 ишкана бир убакта ачылат. Демек, эч ким артта калбайт.

Акыркы беш жыл Талас облусу үчүн мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдүн убактысы болду. Өндүрүш, инвестиция, транспорт багытында жигердүүлүк көрсөтүп, билим берүү, ден соолукту чыңдоо тармагында өлкөдө жок инфраструктураларды түптөдү. 37 жылдан бери токтоп турган "Талас аймактык аэропорту" реконструкциядан өтүп иштеп жатат. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттин өз каражатынан курулган Бала-Саруу ГЭСи ишке кирди.

Талас облусунун 2020-жылдан берки социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү туурасында айта турган болсок өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик 27 эсеге өскөн.

Ал эми 2026-жылдын биринчи чейрегинде түз чет элдик инвестициялар 80 млн доллардан ашты. Орточо айлык акы беш жыл мурун 16 миң сомдун чегинде болсо, бүгүн 50 миң сом сомдун тегерегинде. Калкты арзан турак-жай менен камсыздоо үчүн 2026-жылдын башынан бери жалпы аянты 36,5 миң чарчы метрди түзгөн 263 турак жай пайдаланууга берилди. Айтмакчы, турак жай ири шаарларда эле эмес аймактарда да курулуп, региондордун өнүгүүсүнө жана тең салмактуу ички урбанизацияга өбөлгө түзүп жатат.

"Турак жайга болгон муктаждыкты чечүү – мамлекеттин өз жарандары алдындагы эң маанилүү социалдык милдеттеринин бири. Президент Садыр Жапаровдун демилгесинин аркасында акыркы жылдары өлкөбүздүн турак жай саясатында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Көптөр бир кезде ипотека байлар үчүн гана жеткиликтүү деп эсептешкен болсо, бүгүнкү күндөгү мамлекеттик саясат башка принциптерге негизделген", - деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

2025-жылдан баштап облуста ири инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырыла баштады. Таласта Бала-Саруу кичи ГЭСи, темир бетон, кыш, таш, асфальт, кум-шагыл заводдору ишке киргизилди. Жүн, эмерек, кийим тигүү сымал цехтер ачылды. Белгилей кетүүчү жагдай, дубандагы жаңы ишкана-заводдордун дээрлик басымдуу бөлүгү айыл жерлеринде жайгашкан.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдык мааракесин утурлай Талас облусу боюнча жалпы инвестициялык наркы 506,5 млн сомду түзгөн алты өнөр жай долбоорун ишке берүү пландалганын билдирди.

"Манас районундагы Кызыл-Жылдыз айылында "Адис нан" нан жана кондитердик азыктарды чыгаруучу ишкана ачылууга 100% даяр. Инвестициянын суммасы 130 млн сомду түздү. Жалпысынан 90 адам эмгектенет. Ал эми Айтматов районундагы Үч-Булак айылында "Гранит Транс Сервис" асфальт-бетон заводу ишке берилет. Инвестициянын көлөмү 100 млн сом. Заводдо 70 жумуш орду түзүлөт. Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылында болсо "Кен-Арал кирпич" кыш заводу толук курулуп бүттү. Ага 41 млн сом инвестиция салынган.

Ошондой эле Талас районундагы Беш-Таш айыл аймагында "Нур КапСтрой" асфальт-бетон заводу да ачылууга даяр. Инвестициянын суммасы 176 млн сом. Заводдо 35 киши жумуш менен камсыз болот. Беш-Таш айыл аймагында дагы бир ишкана ишке берилет. Ал "Күркүрөө" курулуш материалдарын чыгаруучу ишканасы. Жалпысынан 59,5 млн сом инвестиция тартылган", - деп билдиришти Экономика министрлигинен.

Таласты өзгөрткөн ири курулуштар

Кыргызстандын 35 жылдык көз карандысыздыгынын мааракелик күнүн утурлай дагы бир нече ири обьекттер даярдалып жатат. Жалпысынан Талас облусунда инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга 11 млрд сомго жакын каражат багытталган. Эң оболу Талас облусунун кире бериши жана анын жанындагы Манастын айкели жаңыртылып, тегерек чети оңдолду.

Кыргызстанга эле эмес чөлкөмгө таанымал "Манас Ордо" улуттук комплексинде бир топ обьекттер курулду. Музей кеңейтилип, "Кеңеш Ордо" конгресс-холлу, коттедждер, азем жайлар, галерея, 3,5 миң орундуу маданий борбор салынды. Кой союп, түлөө өткөрүүчү касапкана жана тулөөкана курулуп, муздаткыч бөлмө, очокканасынан өйдө бар.

Дүйнөгө таанымал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулуп-өскөн Шекер айылында "Чыңгыз ааламы" мемориалдык комплекси тургузулду. Ичинде Айтматовдун үй-музейи, китепкана, кинотеатр, мейманкана жана башка обьекттер болот.

Ал эми Талас шаарында борбордук парк толук оңдолуп, беш миң көрүүчүгө ылайыкталган борбордук стадион салынды. Анда футболдук беттештер, спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап шаймандар менен камсыздалууда. Ошондой эле К.Нуржанов атындагы сейил бак жаңырып, ал Кыргызстанда теңдеши жок объектке айланды. Аймагына эс алуу зоналары, китепкана, воркаут, wi-fi, фонтан жана башка заманбап инфраструктура кирет.

Мындан тышкары, "Акылман" президенттик лицейи 7-8-класстарга кабыл алынган 96 окуучуга эшигин ачат. Жалпысынан 920 балага ылайыкталган, жатаканасы бар, окуу бекер. Таластан эле эмес Кыргызстандын башка аймактарынан да барып окуса болот.

Таластыктарды сыймыктандырган дагы бир мекеме - "Баластан" балдар комплекси. Дээрлик 6,5 гектар жерге тогуз имарат тургузулган. IT-мектеп, Кыргызстандагы алгачкы санарип борбор жана өлкөнүн тарыхый-маданий мурасына арналган музей иштейт. Жума сайын робот-шоулар уюштурулуп, робот техникасы сабактары өтөт. Аттракцион, кинотеатр, боулинг, лабиринттер, конгресс-зал, чыгармачылык-интеллектуалдык өнүүгүү борборлору бар.

Ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин жаңы беш кабаттуу корпусу жана шаарда 4,2 миң адамга ылайыкталган борбордук мечит курулду.

Эгемендик майрамын утурлай Бакай-Атада төө бурчакты кайра иштетүү, сактоо жана таңгактоо заводу ачылууда. Завод "Talasia" бренди менен иштеп, Европа, Түркияга экспорттоо үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өткөн жылы Талас облусунда төө буурчак 55 миң гектар аянтка себилип, 80 миң тонна түшүм берген.

Меймандар үчүн Шумкар-Уя айыл аймагында "Черди" туристтик зонасы даяр болду. Ичинде Кыргызстан боюнча уникалдуу маралдын мүйүзү менен дарылоо жайы бар. Андан сырткары чоң мончо, ресторан, эс алуу үйлөрү курулган. Учурда аймакта 80дей марал бар.

Ал эми Талас шаарына 30 электробус сатып алынып, көчөлөрү жарыктандырылды. Талас шаардык кеңешинин вице-спикери Алибий Жуманов "Кабар" агенттигине берген маегинде аймак акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй өзгөргөнүн айтып, түзүлүп жаткан жаңы жумуш орундары, алардын миграцияга, элдин бакубат жашоосуна салымы туурасында кеп салды.

"Акыркы 5 жылдагы өзгөрүүлөр туурасында айта турган болсок, 35 жылда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болуп жатат. Президент тарабынан Таласты эле эмес, жалпы аймактарды өнүктүрүү аракеттерин Кыргызстандын булуң-бурчунан сезип жатабыз.
Талас шаарынын 400 млн сомдук чакан бюджети бар. Анын 70-80 пайызы корголгон беренелерге кетип, инфраструктураны өнүктүрүүгө үнөмдөй албайбыз. Акыркы 2 жылды эле айта турган болсок, Талас шаарынын жеке инфраструктурасын жакшыртуу үчүн президенттин Турукташтыруу фондунан 2 млрд сомдон ашык акча бөлүндү. Келсеңер көрөсүңөр, зор эмгек жумшалды.
Борбор Азияда аналогу жок "Баластан" индустриалдык паркы ачылууда. Андан тышкары 500 млн сомдун тегерегиндеги каражатка аллеябызды жаңырттык. Жалпы 300 млн сомдой каражатка борбордук парк жаңырды, 30 чакырым ички жолдор жасалды. Өзгөрүүлөр асман менен жердей.
Албетте, бул обьекттердин артында жүздөгөн жумуш орундары, айлык акылар, калктын бакубаттуулугу турат. Чакан жана орто бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Жаңы жумуш орундары миграцияны кыскартууга да салым кошот деген ойдомун. Талас облусу эли да, жери да чакан. Ошого карабастан перспективдүү, кооздугу, инфраструктурасы менен туристтерге да кызыкту жер болууда", - деди ал.