Таласта 13 миңден ашуун жаран акысыз медициналык жардам алды

Аймак
Таласта 13 миңден ашуун жаран акысыз медициналык жардам алды
copyright icon WWW

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. “Альянс Алтын” компаниясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылган ”Карыларга камкордук” программасынын алкагында Талас облусунун 13 миңден ашуун тургуну акысыз медициналык текшерүүдөн өттү.

Компаниянын маалыматына караганда, быйыл көчмө медициналык кабыл алуулар облустун бардык райондорунда жана Талас шаарында уюштурулду. Дарыгерлер кардиология, урология, офтальмология, гинекология, онкология жана башка багыттар боюнча кеңеш берип, УЗИ, ЭКГ жана лабораториялык текшерүүлөрдү жүргүзүштү.

“Жалпысынан 13 миң 311 адам медициналык жардам алса, 1 миң 332 бейтап лабораториялык анализдерди акысыз тапшырды. Программа өзгөчө алыскы айылдарда жашаган улгайган адамдар үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган”,-деп айтылат маалыматта.

Долбоор ”Үзүр“ коомдук кайрымдуулук фонду, ”DOC” көп тармактуу клиникасы, мамлекеттик органдар жана облустун медициналык мекемелери менен биргеликте ишке ашырылды.