Таластын Чымкент айылында жаңы бала бакча ачылды

Аймак 7 октябрь 2026 17:50
WhatsApp Image 2026-10-07 at 17.43.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 17.43.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 17.43.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 17.43.23.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-07 at 17.43.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 17.43.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 17.43.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 17.43.23.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чымкент айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имараттан турат. Бала бакча 140 балага ылайыкталып, ыңгайлуу жана коопсуз шартта болушу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Жаңы бала бакчанын ачылышы айыл тургундары үчүн мектепке чейинки билим берүү системасында кошумча орундарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.