Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Суусамыр айыл аймагынын Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн жалпы билим берүү мектебинин эски имаратында өрт чыккан учурда бала бакчанын тарбиялануучулары болгон эмес. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт болжол менен саат 08:00дө мектептин 1974-жылы курулган эски имаратында чыккан. Анын аянты 464 чарчы метрди түзөт. Бул имаратта ашкана, китепкана жана үч сааттык режимде иштеген эки тайпалуу бала бакча жайгашкан.
"Бала бакчада 31 бала тарбияланат. Өрт чыккан учурда алар болгон эмес. Ошондой эле бала бакчаны 10 сааттык иштөө режимине өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Министрликтин маалыматына караганда, бала бакчанын эмеректери сакталып калган. Ал эми китепканадагы окуу китептери буга чейин окуучуларга таратылгандыктан, өрт учурунда ал жерде китептер болгон эмес.
Мектептин 1994-жылы курулган жаңы имаратынын аянты 1160 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемеси 220 окуучуга ылайыкташтырылган, учурда анда 137 окуучу билим алат.