Бишкектеги бардык мектептер жана бала бакчалар 360° камералар менен жабдылды

Коом
Бишкектеги бардык мектептер жана бала бакчалар 360° камералар менен жабдылды

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бишкектеги бардык мектеп жана бала бакчалар 360 градустук видеокөзөмөл камералары менен камсыздалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, видеокамералар Шаардык ички иштер башкармалыгынын кырдаалдык борборуна туташтырылган.

“Бул балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана билим берүү мекемелерине сырттан адамдардын киришинин алдын алуу максатын көздөйт. Эң биринчи кезекте балдардын бала бакчада же мектепте коопсуз болушу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү зарыл. Ушул максатта бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарына Шаардык ички иштер башкармалыгынын кырдаалдык борборуна туташкан камераларды орноттук. Алар 360 градустук видеокөзөмөл жүргүзөт. Ар бир мектептин сыртына, кире беришине экиден, тактап айтканда, алдына жана артына камералар коюлду", - деди ал.

Мусаева белгилегендей, видеокөзөмөл системасын орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен атайын каражат бөлүнгөн.

Ошондой эле камералар аркылуу мектептин айланасындагы кырдаал көзөмөлдөнүп, окуучулар арасында чыр-чатак же башка кооптуу жагдайлар жаралган учурда ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай учурда тиешелүү ыкчам топ жөнөтүлүп, профилактикалык иштер жүргүзүлөт.