Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Таластагы курулуштардан мыйзам бузуулар аныкталып, айып салынды.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Талас шаарынын Өмүрбекова көчөсү 82 дарегиндеги көп кабаттуу турак жайдын жана Талас районунун Арашан айылындагы 225 орундуу мектептин курулушуна пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Тактап айтканда, турак жайдын курулушунда объектини Мамлекеттик бирдиктүү реестрге киргизүү талаптары сакталган эмес. Ал эми мектептин курулушунда имараттардын бекемдигин жана сейсмикалык туруштуулугун камсыз кылуу талаптары бузулган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, жооптуу тараптар – “ГИС” ЖЧКсына жана жеке жак К.Р.га айып пул салынды.