Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Бишкекте өткөн "Борбор Азия – Кытай" курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында сейсмотуруктуу курулуш, имараттардын коопсуздугу жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, форумга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекеттик органдарынын, илимий мекемелеринин жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада жер титирөө коркунучу жогору аймактарда курулуштун коопсуздугун камсыздоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу, шаар куруу жана тармакты санариптештирүү маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле Казакстандын "КазНИИСА" акционердик коому менен Кыргызстандын Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун мөөнөтү узартылды.
Мындан тышкары, курулуш тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо үчүн B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар өткөрүлдү.