Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды

Кырсык
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды
copyright icon WWW

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. 9-ноябрда саат 08:40та сейсмикалык станциялар күчү очогунда болжол менен 3,5 баллга жеткен жер титирөөнү каттады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 9 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3 баллды түзгөн.