Бир суткада 5 жер титирөө катталды: Сейсмолог эмне дейт?

Коом
Бир суткада 5 жер титирөө катталды: Сейсмолог эмне дейт?
copyright icon WWW

Бишкек, 05.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада күчү 3,5 баллдан 5 баллга чейинки 5 жер титирөө катталды. Жер титирөөлөрдүн очогу Ош облусунун Алай районунда, Тажикстан менен чектешкен аймакка жакын жерде жайгашкан.

"Кабар" маалымат агенттиги Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматовго кайрылып, тектоникалык активдүүлүктүн күчөшүнүн себептерин жана учурдагы кырдаалды адис катары баалап берүүсүн өтүндү.

"Чындыгында, акыркы суткада бир нече жер титирөө болду. Калктуу конуштарда анын күчү 3–3,5 баллга чейин жетти. Негизи, бул кадимки эле көрүнүш.
Ушуга байланыштуу бир нерсеге көңүл бургум келет. Жыл ичинде алсыз жер титирөөлөрдүн саны көбөйгөн эки мезгил болот. Алар май жана ноябрь айларына туура келет. Бул мезгилдерде Жердин айлануу ылдамдыгы секунданын миңден бир бөлүгүнө өзгөрөт. Жазында бир аз жайласа, күзүндө тездейт. Мына ушул өзгөрүүлөр биздин аймактагы тектоникалык активдүүлүккө таасир этет.
Бул кадимки көрүнүш экенин жана тынчсызданууга негиз жок экенин айта алам", — деди Канатбек Абдрахматов.