Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда жана кыргыз-тажик чек арасында 4-ноябрга караган түнү үч жолу жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунан билдиришкендей, эң күчтүү силкинүүнүн күчү очогунда 5,5 баллга жеткен.
Биринчи жер титирөө саат 03:34тө катталып, очогу Бор-Дөбө айылынан түндүк-батышка карай 14 чакырым аралыкта жайгашкан. Айылда силкинүүнүн күчү 5 баллга чейин сезилген.
Экинчи жер титирөө саат 03:44тө болуп, күчү 3,5 баллды түзгөн. Үчүнчү силкинүү саат 04:50дө кыргыз-тажик чек арасында катталып, очогунда 4,5 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.