Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кырсык
Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Бишкек, 09.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда 8-ноябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:14тө Сейсмология институтунун сейсмостанциялары очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөнү каттады.

Институттан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты көздөй 5 чакырым аралыкта жайгашкан.

Бор-Дөбө айылында жер титирөөнүн күчү 3 баллды түздү.