Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларындагы курулуш объектилеринде жаңы талаптардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, министрликтин буйругу менен курулуштун "нөл цикли" аяктаганга чейин объектилердеги турак жана турак эмес жайларды сатууга, жарнамалоого, ошондой эле үлүштүк жана алдын ала келишимдер аркылуу жарандардын каражатын тартууга тыюу салынган.
Бул талаптар Бишкектеги "Манас" соода-логистикалык шаарчасынын жана Ош шаарындагы "Эне Сай Сити" турак жай комплексинин өкүлдөрүнө түшүндүрүлдү.
Министрлик курулуш компанияларын белгиленген талаптарды так сактоого чакырды.