Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерин пайдубалы түптөлүп, котлован казылганга чейинки иштер аяктагандан кийин гана сатууга уруксат берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, көп кабаттуу үйдү куруудагы эң татаал этаптардын бири — пайдубалын түптөө. Анткени бул баскычта жер казуу жана башка даярдык иштери жүргүзүлүп, көп эмгек жана каражат талап кылынат.
Министр белгилегендей, пайдубал түптөлгөндөн кийин имараттын калган бөлүгүн куруу жана бүтүрүү салыштырмалуу жеңил болот. Ошондуктан батирлерди сатууну курулуштун ушул этабы аяктаганга чейин чектөө чечими кабыл алынган.
Белгилей кетсек, буга чейин курулуш компанияларынын айрым объекттери токтоп калып, батир сатып алган жарандар турак жайсыз калган учурлар болгон. Жаңы талап ушундай көйгөйлөрдүн алдын алууга багытталган.