Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда курулушу кечеңдеген компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү департаменттерге курулуш объектилерин белгиленген мөөнөттө бүтүрбөгөн компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат бербөө тапшырмасы берилди. Ошондой эле курулушу бүтпөй жаткан объектилерди тыкыр көзөмөлдөө талабы коюлду.
Мындан сырткары, айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу материалдар министрлик тарабынан укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш компаниялары биринчи кезекте өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарып, жарандардын алдындагы жоопкерчилигин сезиши керектигин белгиледи.
"Негизги максат — курулушу кечеңдеп, батирлерин ала албай жаткан жарандардын турак жай маселесин чечүү", - деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин министрдин буйругу менен курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, үлүштүк катышуу келишимдерин түзүүгө, жарандардын жана юридикалык жактардын каражаттарын тартууга, ошондой эле объектилерди жарнамалоого тыюу салынган.