Евразия өнүктүрүү банкы континенттеги тез жана ыңгайлуу логистиканы түзүүгө багытталган инвестициялар боюнча жаңыланган маалыматтарды жарыялады. Учурда өнөктөш өлкөлөрдү байланыштырган темир жана унаа жолдорунун тармагы жигердүү өнүгүп, соода көлөмүн көбөйтүүгө, товар менен ресурстарды алмашууну кеңейтүүгө шарт түзүүдө.
Мунун негизинде экономикалык кызматташтыктын туруктуу архитектурасы түзүлүп, кошумча нарк чынжырларын калыптандырууга, биргелешкен ишканаларды ачууга жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдөн тартып оор машина курууга чейинки өнөр жай тармактарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Рыноктордун жеткиликтүүлүгү — бизнестин ар кандай моделдерин натыйжалуу өнүктүрүүнүн жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн негизги шарттарынын бири. Экономикалык байланыштардын "кан тамыры" болгон транспорттук коммуникациялар инфраструктуралык жаңылоого муктаж болгон негизги багыттардын катарына кирет. Бул тармакка инвестициялар көбөйүп, жыл сайын алардын көлөмү өсүүдө.
Евразия өнүктүрүү банкынын алдында түзүлгөн транспорттук долбоорлордун обсерваториясы бул багыттагы тенденцияларга байкоо жүргүзөт. 2025-жылы эле аймактагы логистикага салынган инвестициялар 74 млрд долларга көбөйгөн.
Инвестициялардын көлөмү рекорддук деңгээлге жетти

Учурда Евразияда ишке ашырылып жана пландалып жаткан 402 транспорттук долбоордун жалпы наркы 345 млрд долларды түзөт. Мындан тышкары, ишке киргизүү пландалып жаткан долбоорлорго дагы 100 млрд доллар каралган.
Транспорттук инфраструктура аймактагы өлкөлөр үчүн узак мөөнөттүү негизги артыкчылыктардын бири бойдон калууда.
Бул инвестициялардын эң чоң бөлүгү темир жол тармагына багытталууда. Аны өнүктүрүүгө дээрлик 150 млрд доллар жумшалганы жатат. Бул темир жолду Евразиядагы инвестициялык өсүштүн негизги кыймылдаткычтарынын бирине айландырууда.
Борбор Азияга 72 млрд доллар багытталган
Борбор Азия өлкөлөрү да транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн темпин күчөтүүдө. Аймакка жалпы инвестициялардын 21 пайыздан ашыгы — 72 млрд доллар туура келет. Бул каражат 114 долбоорго багытталган.
2025-жылы эле Борбор Азияда 6 млрд доллар транспорттук инфраструктура объектилери пайдаланууга берилген.
Ушундай жол менен Евразиянын бардык аймактарын мүмкүн болушунча кыска маршруттар аркылуу байланыштырган унаа жана темир жолдордун бирдиктүү тармагы түзүлүүдө. Анын негизги максаты — жүктөрдү тез жана үзгүлтүксүз ташууга, ошондой эле товар агымын кеңдик жана узундук багытындагы транспорттук коридорлор аркылуу ыкчам бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берген логистикалык системаны түзүү.
Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
Кыргызстан үчүн бул процессте Кытай менен Өзбекстанды байланыштыра турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун мааниси чоң. Ал Евразиянын транспорттук системасынын иштешиндеги маанилүү байланыштардын бирине айланат.

Кыргызстандын аймагында негизги транспорттук каттамдар түйүшүп, өлкө аркылуу жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрү кеңеет. Ушуга байланыштуу темир жолдор менен катар кургак портторду, логистикалык жана жүк жүктөө борборлорун, ошондой эле кеңири унаа жолдорун куруу иштери жүрүүдө.
Бул инфраструктуралык долбоорлор Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, өлкөнү Евразиядагы негизги транспорттук каттамдардын бири менен байланыштырган маанилүү түйүнгө айландырууга багытталган.

Евразия өнүктүрүү банкынын аналитикалык маалыматтарына ылайык, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аркылуу жүк ташуунун потенциалы жылына 7 млн тоннадан 20 млн тоннага чейин деп бааланууда.
Техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, алгач бир жолдуу, электрлештирилбеген темир жол курулат. Ошол эле учурда көпүрөлөр менен туннелдер экинчи жолду куруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен долбоорлонууда.
Экинчи этапта темир жолду эки жолдуу кылып, толугу менен электрлештирүү пландалууда. Батыш Кытайда жана Кыргызстанда темир жолдун айрым тилкелери бийик тоолуу аймактар аркылуу өтөт.
Тоолуу жана татаал аймактарда темир жолдун ишин камсыз кылуу үчүн поезддерди өткөрүүчү тилкелер, 27 туннель (жалпы 103 км), 48 көпүрө (16 км) жана 20 станция курулат. Алардын экөө чек арада жайгашып, жүктөрдү кайра жүктөөгө ылайыкталат.
Аймакта темир жолдор менен катар унаа жолдорун жана магистралдарды өнүктүрүүгө да олуттуу каражат жумшалууда. ЕАӨБдүн баяндамасында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү инвестициялардын дээрлик 56 пайызы унаа жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө, дагы 29,8 пайызы Борбор Азия аркылуу өткөн транспорттук коридорлордун темир жол тилкелерин өнүктүрүүгө багытталганы айтылат. Бул аймактагы эл аралык жүк ташууда жана соодада унаа транспортунун маанилүү ролун көрсөтөт.

Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, башкы экономист Евгений Винокуров баяндаманын бет ачарында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун масштабына жана алардын өз ара байланыштырылып жатканына токтолду.
"Биз Евразия аймагында кылымдын башындагы айрым транспорттук долбоорлорду ишке ашыруудан Чыгыш – Батыш жана Түндүк – Түштүк багыттарындагы бири-бири менен байланышкан, бири-бирин толуктаган транспорттук коридорлордун бирдиктүү системасын түзүүгө өтүп жаткан учурга күбө болуп жатабыз. Евразияда ишке ашырылып жаткан жана келечекте пландалган чек ара аралык транспорттук долбоорлордун саны өсүүдө. Учурда алардын саны сегизге жетти.
Борбор Азияда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө өзгөчө жылыштар байкалууда. 2025-жылы эле бул аймакта жалпы инвестиция көлөмү болжол менен 6 млрд доллар болгон транспорттук инфраструктура объекттери пайдаланууга берилди. Учурда 2035-жылга чейин Борбор Азияда жалпы наркы болжол менен 72 млрд доллар болгон 114 долбоор ишке ашырылууда же пландалууда. Бул масштабдуу инфраструктуралык иштер деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөргө соода, туризм жана калктын мобилдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет”, — деп белгиледи Винокуров.

Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок тоолуу өлкө болгон Кыргызстан транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө болуп көрбөгөндөй секирик жасады. Акыркы беш жылда эле 3 миң 700 чакырымдан ашык унаа жолу курулуп жана жаңыланды. Анын 1 миң 430 чакырымы 2025-жылы ишке ашырылды. Бул өлкөнүн тарыхындагы маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Мындай жогорку темп аймактардын транспорттук байланышын кыйла жакшыртып, улуттук жана эл аралык транспорттук коридорлорду түзүү иштерин тездетти.
Учурда Кыргызстанда эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө багытталган 23 долбоор ишке ашырылууда же 2035-жылга чейин пландалган. Ал эми алардын жалпы инвестициялык көлөмү 10,8 млрд долларды түзөт.