Кыргызстанда Улуттук электрондук логистика системасы түзүлөт

Экономика 28 сентябрь 2026 14:25
Кыргызстанда Улуттук электрондук логистика системасы түзүлөт
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда Улуттук электрондук логистика системасын (NELS) түзүү боюнча иштер улантылат. Бул маселе экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов менен Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Яннын Улан-Батордогу жолугушуусунда талкууланды.

Ведомствонун маалыматына караганда, тараптар ошондой эле Кыргызстандын регионалдык хаб катары өнүгүшү, жашыл экономика жана энергетика, жашыл каржылоо, бизнести колдоо, жеткирүү чынжырларын жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү маселелерине токтолушту.

Маалыматка ылайык, АӨБдүн колдоосу менен NELS түзүү боюнча алгачкы изилдөө жүргүзүлгөн. Эми системанын жол картасын жана уюштуруу моделин иштеп чыгуу пландалууда.

Ошондой эле NELS боюнча техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо жана долбоорду ЦАРЭС программасынын алкагында ишке ашыруу үчүн АӨБдүн мындан аркы техникалык колдоосу талкууланды.