Кыргызстан электрондук соода жана логистика боюнча ири хаб болууну көздөйт — Кабар

Кыргызстан электрондук соода жана логистика боюнча ири хаб болууну көздөйт

Экономика 28 август 2026 17:50
IMG_5454.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Кыргызстан 4-5 жылдын ичинде электрондук соода жана логистика боюнча ири аймактык хабга айланууну көздөйт. Бул тууралуу Кыргыз-кытай инвестициялык форумунда журналисттерге берген маегинде Чек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясынын президенти Марсел Салахунов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Кытайда өндүрүлгөн жүктөрдү өз аймагы аркылуу өткөрүп гана тим болбостон, өзүнүн логистикалык кызматтарын да өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

IMG_5453.width-800
"Президент Садыр Жапаров өкмөт жана бизнес коомчулугу алдына 4-5 жылдын ичинде Кыргызстанды электрондук соода жана логистика боюнча ири аймактык хабга айлантуу милдетин койду. Биз Кытайда өндүрүлгөн жүктөрдү өткөрүп гана тим болбостон, логистикалык кызматтарды да көрсөтүшүбүз керек. Анын ичинде товарларды иштетүү, таңгактоо, маркалоо жана башка процесстер бар. Мындан Кыргызстан киреше таба алат", - деди Салахунов.

Ал Кыргызстан, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын өнүгүшүнө тоскоол болгон маселелерди чечүү маанилүү экенин белгиледи.

"Алардын катарында кыргызстандык сертификаттарды Кытай рыногунда таануу, электрондук кол тамгаларды өз ара таануу жана соода мамилелерин жөнгө салган мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери бар", - деди ал.

Салахуновдун айтымында, Кыргызстан үчүн Кытай рыногу артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Бул маселелерди чечүү кыргызстандык товарлардын Кытай рыногуна чыгышын жана соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.