Садыр Жапаров: 1-октябрь – Кыргызстандын биринчи спутниги космоско учкан тарыхый күн

Президент 2 октябрь 2026 10:10
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигинин космоско чыгарылышына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы 1-октябрды Кыргызстан жана кыргызстандыктар үчүн өзгөчө маанилүү жана тарыхый күн катары белгиледи.

"Келечек муун Кыргызстандын спутниги алгачкы жолу космоско качан учту дегенде, 2026-жылдын 1-октябрында учкан деп эстеп жүрчү күн", – деди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, Кыргызстандын биринчи спутниги АКШнын Калифорния штатындагы SpaceX компаниясына тиешелүү космодромдон компаниянын ракета алып жүрүүчүсү аркылуу космоско чыгарылды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров биринчи улуттук спутникти учурууга байланыштуу АКШнын Лос-Анжелес шаарына барган. Спутник SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсү аркылуу орбитага чыгарылары маалымдалган.