Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Атактуу Tesla жана SpaceX компанияларынын башчысы Илон Маск АКШдагы ар бир балага SpaceX компаниясынын экиден акциясы бериле турганын жарыялады. Ишкер жарыяны социалдык медиадагы баракчасына жайгаштырган.
"Америкадагы ар бир бала эки SpaceX акциясын алат: бири компаниядан, бири жеке менден", - деп жазган Маск.
Компаниянын акциялары кичинекей тургундарга ушул декабрь айында өткөрүлүп бериле баштайт. Ал эми ишкердин жеке белегин 2027-жылдын июнь айына чейин күтүүгө туура келет. Илон Маск акцияларды берүү кандай жол менен жүргүзүлөрүн ачыктай элек.
Бул арада америкалык маалымат каражаттары АКШда болжол менен 72 миллион бала бар экенин билдиришүүдө.